Тармактык Энциклопедия:ПУЛКОВ ОБСЕРВАТОРИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Россия ИАнын астрон. башкы обсерваториясы – ил.- из-чү астрон. мекеме. 1839-ж. В.Я.Струве негиздеген. Санкт-Петербургдун жанындагы Пулков дөңсөөсүндө жайгашкан. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согушта толук талкаланган, 1954-ж. кайра тургузулган. Обсерваторияда жылдыздардын каталогун түзүү, астрон. турактуу чоңдуктарды аныктоо, жылдыздарды ж-а Күндү изилдөө, астрон. байкоолорду жүргүзүү, астрон. куралдарды жасоо ж. б. б-ча илимий иштер аткарылат. Астрон. куралдар ж-а аспаптары: 76 смдик рефрактор, фотографиялык уюлдук түтүк, зенит-телескобу, жылдыз интерферометри, 2 Күн ж-а меридиан телескобу, чоң радиотелескоп ж. б. бар