Тармактык Энциклопедия:ПТОЛЕМЕЙ
Jump to navigation
Jump to search
Клавдий (90-ж.ч. – 160-ж. ч.) – байыркы грек астроному; дүйнөнүн геоборбордук системасын түзгөн. Асман жарык чыгаруучуларынын көзгө көрүнгөн кыймылы Жерди тегеренип айланып чыгышы м-н түшүндүрүлгөн матем. теорияны иштеп чыккан. Птоломейдин системасы анын негизги эмгеги “Альмагест” – байыркы астрон. билимдердин энциклопедиясында баяндалган.