Тармактык Энциклопедия:ПЛАНЕТАЛАР
Jump to navigation
Jump to search
(Planets) – өздөрү жарык чыгарбай Күндүн нурунун чагылышынан жаркырап көрүнүп, анын айланасында кыймылдоочу чоң асман телолору. Азыркы кезде Күн системасында 9 планета белгилүү: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон. Мындан башка бир нече миң кичине планеталар бар. П. Күндүн түрдүү аралыкта жайгашып, анын айланасында эллипс орбитасы б-ча кыймылдашат. Күнгө эң жакыны Меркурий, эң алысы Плутон. Алар негизинен Марс ж-а Юпитердин орбиталарынын ортосунда кыймылдашат. П. жылдыздар арасындагы кыймылдарынын өзгөчөлүктөрү б-ча жогорку П. ж-а төмөнкү П-га бөлүнөт. Ал эми физ. чоңдуктары б-ча Жер тобундагы планеталарга (Меркурий, Чолпон, Жер, Марс) ж-а зор планеталарга (Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун) айырмаланат. Бул эки топтун ар бирине кирген П-дын орточо тыгыздыгы, өлчөмү, хим. курамы б-ча бири бирине өтө жакын, бирок бир топ экинчисинен жогорудагы чоңдуктар б-ча кескин айырмаланат. Плутон эки топтун бирине да кирбейт. Ал хим. курамы б-ча экинчи топко, ал эми өлчөмү б-ча 1-топко жакын.