Тармактык Энциклопедия:ПАРАЛЛАКС
Jump to navigation
Jump to search
(parallax) – байкоочу Жер м-н кошо кыймылда болушунун натыйжаcында асмандагы жылдыздын ордунан анча-мынча которулуп жылып кеткендей болуп көрүнүшү. П. байкоочу Жер м-н кошо бир орундан башка орунга которулгандагы жылдызга чейинки багыттардын ортосундагы бурчтун чоңдугу м-н аныкталат. П-тын чоңдугу аркылуу тригон-нын жардамы м-н жылдыздардын ортосундагы аралыктарды аныктоого болот. П.: суткалык П., кыймылдык П., жылдык П-ка айырмаланат .