Тармактык Энциклопедия:ОРТОЧО КҮН
Jump to navigation
Jump to search
– жыл ичинде батыштан чыгышты карай бир калыпта жылдыздарды аралап Күн м-н бир мезгилде жазгы күн-түн теңелүү чекити аркылуу өтүп, асман экватору б-ча толук бир айланган чекит. Жердин орбита б-ча кыймылынын бир калыпта эместигинен, анын айлануу огунун орбита тегиздигине жантайышы жыл ичинде Күндүн түз чыгуусундагы өзгөрүшүнүн бир калыпта эместигинен, о. эле чыныгы күн суткасынын узактыгынын туруксуздугунан улам О. к. деген түшүнүк киргизилген.