Тармактык Энциклопедия:ОРИОН ТУМАНДУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Orion Nebula) – асмандагы эң жарык газ-чаңдуу тумандуулук. Аны кичирээк телескоп же чоң дүрбү м-н эле байкоого болот. Күзгү же кышкы Айсыз түндө абдан жакшы көрүнөт. Жерден болжол м-н 460 пк аралыкта турат. Ал ысык жылдыздар аралык газ булутун элестетет. Бир же бир нече ысык жаш жылдыздардын ультракызгылт-көк нурлануусунун таасири м-н жарык чыгарат. Тумандуулуктагы газдын толук массасы күн массасынын 300гө жакынын түзөт. О. т-н изилдөө азыркы мезгилде жылдыздардын кандайча пайда болуп жаткандыгын билүүгө мүмкүндүк түзөт.