Тармактык Энциклопедия:НЕЙТРОН ЖЫЛДЫЗДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
(neutron star) – чоң массадагы жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясынын бири. Н. ж. нейтрон, протон ж-а ядродон турат. 1932-ж. Л. Д. Ландау нейтрон ачылгандан кийин Н. ж-нын болуу мүмкүндүгүн көрсөткөн. Бул жылдыздар өтө жаңы жылдыздардын жарк этишинен пайда болушу мүмкүн. Н. ж-нын энергиясынын ички булагы жок. Анын жаркырактыгы айлануунун кинетикалык энергиясынын ж-а муздоо ылдамдыгынын азайышы м-н аныкталат. Бул жылдыздардын теңсалмактуу туруктуу абалдагы массасы 2•1030 кгдай, радиусу ~20 кмче, тыгыздыгы 2•1017 кг/м3, басымы 1030–1031 кг/м2, айлануу мезгили 10– 3секга барабар.