Тармактык Энциклопедия:МЕРКУРИЙДИН КЕТЕНЧИКТӨӨ КЫЙМЫЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Меркурийдин Күндүн айланасында карама-каршы багыт б-ча Чыгыштан Батыш батытында көрүнгөн которулуусу. Меркурий Күндөн 18 – 28° чыгышта же батышта жайгашат. Планетанын Күндөн чыгышты карай чоң бурч м-н алыстоосу ч ы г ы ш ч о ң э л о н г а ц и я с ы, ал эми батышты карай алыстоосу б а- т ы ш ч о ң э л о н г а ц и я с ы деп аталат. Чыгыш элонгация мезгилинде Меркурий батыштан Күн баткандан кийин көрүнүп, Күндөн кийин тез эле батып кетет да адегенде акырын, кийин тез кетенчиктөө кыймылы м-н Күнгө жакындап анын нурунан көрүнбөй калат. Бул мезгилде планетанын Күн м-н төмөнкү биригүүсү байкалып, Күн м-н Жердин ортосунан өтөт.