Тармактык Энциклопедия:МЕРКУРИЙДИН БЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– сырткы көрүнүшү б-ча Айдын бетине окшош. Космос станциялары тарткан сүрөттөрдөн бетинде көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор ж-а өрөөндөр бар экендиги белгилүү болду. Көпчүлук кратерлеринде жарык болуп көрүнгөн борбордук тоолор бар. Бул кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай м-н Меркурийдин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү ж-а жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Алардын бири биринен айырмасы – Меркурийде Ай деңиздерине окшогон ойдуңдар аз.