Тармактык Энциклопедия:МАРС
Jump to navigation
Jump to search
(Мars) – күн системасындагы Күндөн аралыгы б-ча 4-турган планета. Физ. мүнөздөмөсү б-ча Жер тобундагы планеталарга кирет. Күнгө чейинки орточо аралыгы 228 млн. км, Күндү айлануу мезгили 1,88 жыл, өз огунда айлануу мезгили 24,5 с, массасы 6,4•1023кг, орточо тыгыздыгы 3,97 г/см3. Диаметри Жердин ж-а Чолпондун диаметринен эки эсе кичине, б.а. экватордук диаметри 6788 км, уюлдук диаметри 6710 км. Марстын эклиптикага жантайышы 1°51', альбедосу 0,20+0,05 ж-а анын бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 3,72 м/сек2ка барабар. М-тын спектринде суу буусунун сызыктары байкалган. М-тын көзгө көрүнгөн жылдыз чоңдугу +1,5 тен –1,5ке чейин өзгөрүп турат.