Тармактык Энциклопедия:ЛИРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Lуra) – Вега жаркырак жылдыздуу Түн. жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жайында ж-а күзүндө жакшы көрүнөт. Жайкы ж-а күзгү кечте асмандын Түн. жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жылдыз бөлүнүп турат. Алар: Л-нын Вегасы, Аккуунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири. Л. байыркы грек мифи Орфей м-н тыгыз байланышкан. Л. – музыкалык аспап. Орфей Л-ны коштоп ырдап жатканда анын уккулуктуу жагымдуу үнүнөн жырткыч айбандар жоошуган, таштар жылган, дарактын бутактары ийилген деп айтылат.