Тармактык Энциклопедия:КҮН КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– атайын астрон. обсерваторияларда ж-а станцияларда Күн активдүүлүгүн, андагы процесстердин болушун алдын ала айтуу ж-а үзгүлтүксүз байкоо ыкмаларын изилдөө системасы. Күн күчтүү жарк эткен кезде радиациялык нур көбөйүп космонавттарга коркунуч туудурат, радиобайланыш бузулат, Жердин магнит талаасы көбөйөт. Бул деңиздерде кемелердин нормалдуу сүзүшүн ж-а самолеттордун учушун татаалдатат. Маанилүү биологиялык процесстер да Күн активдүүлүгүнө көзкаранды. Ошондуктан Күндүн абалын үзгүлтүксүз байкоо иштери дайыма жүргүзүлөт.