Тармактык Энциклопедия:КҮН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЖАРЫК ТЕГЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– күн дискасынын айланасындагы жарык шакек. Ал Күндү булут жаап турганда да, ачык асманда да байкалат. Атм-ра канчалык күңүрттөнүп турса, жаркырактыгы ошончолук күчтүү болот. К. а. ж. т-теги чачыраган күн нурунун интенсивдүүлүгү атм-ранын күңүрттүгүнүн көрсөткүчү боло алат. Асманды булут каптап турганда жарык тегеректи таажы катары чаташтырбоо керек.