Тармактык Энциклопедия:КҮНДҮН ТУТУЛУШУ
Jump to navigation
Jump to search
– Күндүн бетин Ай толук же жарым-жартылай тосуп өткөндөгү көрүнүш. Ай Жерди айланат, ал эми Жер Ай м-н Күндүн айланасында белгилүү орбита б-ча кыймылда болот. Күнгө салыштырмалуу Ай Жерге 400 эсе жакын жайгашкан. Айдын диаметри Күндүкүнөн болжол м-н 400 эсе кичине. Ошондуктан Айдын ж-а Күндүн көзгө көрүнгөн өлчөмдөрү дээрлик бирдей ж-а Ай көлөкөсүн Күнгө түшүрүп аны жаап коюшу мүмкун . Эгер Айдын көлөкөсү Күндүн дискасын толук жапса, Күн толук тутулат, ал эми бир бөлүгүн жапса, Күн жарым-жартылай тутулат.