Тармактык Энциклопедия:КҮНГӨ БАЙКООЛОР
Jump to navigation
Jump to search
– жарыкты жутуучу чыпканы пайдалануу м-н Күнгө мүмкүн болгон жөнөкөй көз аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөлөр. Кадимки куралданбаган көз м-н байкоо жүргүзүү үчүн жарыктанган ж-а сүрөттөлүш бекитилген фотоплёнка, көөлөнгөн айнек ж. б. колдонулат. Мында күн дискасынын жаркырактыгы бардык чекиттерден бирдей эмес. Борборунда максималдуу, четине карай монотондуу азая баштайт. Четине карата күңүрттөнүү эффектиси толкун узундугуна көзкаранды болот. Күн дискасын кызыл чыпка аркылуу байкаса ал араң эле көрүнөт, көк же кызгылт-көк чыпкада максималдуу чоңдукка жетет. Күн көзгө көрүнгөн жарым сферасынын бетине жайгашкан бөлүктөрүн үйрөнүүдө алар солдон оңго которулат ж-а төрт жуманын аралыгындагы убакытта толук айланып чыкканын байкоого болот. Байкоонун натыйжасында Күн өз огунун айланасында катуу нерсе айлангандай айланбастан, анын айлануудагы бурчтук ылдамдыгы экватордон уюлга карата азаят. Экватордук областынын айлануу мезгили 25 сутка, уюлдагысы 30 суткага жакын болот. Күндө жөнөкөй көз м-н байкоого мүмкүн болбоочу процесстер өтө көп.