Тармактык Энциклопедия:КРАТЕРЛЕР
Jump to navigation
Jump to search
– 1) Айдын бетиндеги алкак сымал тоолор; 2)метеорит Жерге түшкөн кезде Жердин бетинде пайда болгон оюк; 3) жанар тоонун чокусундагы же капталындагы ороо, аяк сымал терең чуңкур; диаметри бир нече мден бир нече кмге чейин. Кратерлерге астрономдордун ж-а математиктердин аттары коюлган. Мис., Кеплер, Коперник, Ньютон ж. б.