Тармактык Энциклопедия:КОРПУСКУЛА АГЫМДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Күндөн бүркүлүп чыккан бөлүкчөлөр. Күндүн корпускулалык нурланышы андагы жарылуулар м-н байланышып, уюлдук жаркыроону ж-а магнит бороондорун пайда кылат. К. а. 500 – 1000 км /сек ылдамдык м-н тарап, хромосфералык жарылуудан кийин бир суткада Жерге жетет. Ал тез кыймылдаган плазма түрүндө, Жердин магнит таласында акырындап токтойт. К. а. Жердин магнит талаасына кармалып тышкы радиациялык алкакты толтурат. Уюлдук райондордо электрондор ж-а протондор күч сызыктарды бойлото спираль б-ча тарап атм-рага кирет. Атм-ранын жогорку катмарында К. а. кошумча иондошуп, радиотолкундардын таралуу шартын өзгөртөт ж-а уюлдук жаркыроону пайда кылат. 


www. priroda-fizika.narod.ru