Тармактык Энциклопедия:КОРОНОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– монохромат жарыгында Күн таажысын ж-а хромосфераны байкоо үчүн жасалган телескоп. Б. Лио тутулуусуз К-ка бир линзалуу обьективдүү рефракторду колдонгон. Атм-ралык жарыктын чачыроосун азайтуу үчүн Лио өз куралын (К-ты) тоого жайгаштырып, ичине Күн дискасын жаап калуучу «жасалма айды» орноткон. Ушундай кошумча аракеттердин жардамы м-н Күндү жасалма тутултуп, Күн таажысын сүрөткө тарткан. Азыркы мезгилде Лионун идеясына таянып жасалган тутулуусуз К-тар көптөгөн өлкөлөрдө Күн кызматынын программасын аткарат. Күн толук тутулганда К-тын ордуна чыпкалоочу кадимки телескоптор колдонулат.