Тармактык Энциклопедия:КОЛГО ЖАСАЛГАН ТЕЛЕСКОП
Jump to navigation
Jump to search
– астрономияны сүйүүчүлөр тарабынан жасалып, асман телолорун байкоого арналган аспап. Колго жасоого өтө ыңгайлуусу Ньютон схемасындагы рефлектор.Ньютон телескобундагы башкы күзгү, айлануудан пайда болгон параболоид формасында болуп, ал күзгүнү жасоо төмөнкү бөлүктөрдөн турат: 1) материалды тандоо; 2) аны одоно жылмалоо; 3) ичке жылмалоо; 4) сайкалдоо; 5) ар кандай майда кемчиликтерди (чуңкурчаларды, дөңчөлөрдү ж. б.) түзөтүү; 6) Ньютон системасындагы жалпак диагоналдык күзгүчөнү даярдоо; 7) күзгүлөрдү күмүштөө; 8) кынаптоо ж. б.