Тармактык Энциклопедия:КЕПЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Иоганн (27.12.1571–15.11.1630)– нем. астроному, математик жаңы мезгилдин астрон-сын жаратуучулардын бири. Планеталардын кыймыл закондорун (Кеплер закондору) ачып, алардын негизинде планеталардын таблицасын түзгөн. Тутулуу (Ай, Күн) теориясынын негизин иштеп чыккан. Объективи ж-а окуялары эки томпок линзалуу телескопту ойлоп чыгарган.