Тармактык Энциклопедия:КАСТОР
Jump to navigation
Jump to search
(Gastor, a Geminorum) – экинчи жылдыз чоңдугундагы Эгиздер топ жылдызынын aсы. Топ жылдыздагы өтө жаркырак эки жылдыздын бири. Түсү ак. А1 спектр классына кирет. Күнгө караганда диаметри 2,5 эсе чоң, жарыгы 38 эсе күчтүү, айлануу мезгили 500 жыл. Касторго чейинки аралыгы 46 жарык жылына барабар. Анын нурунун ылдамдыгы 4 км/сек. Күндөн 15 пк аралыкта.