Тармактык Энциклопедия:КАССИОПЕЯ
Jump to navigation
Jump to search
(Сassiopeia) – Түн. жарым шардагы байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири, Саманчы жолунда жайгашкан. Аталышы мифологиядан алынган: Эфиопия падышасы Цефейдин креслодо отурган аялы Кассиопеяны сүрөттөп турат. 5 эң жарык жылдызы W тамгасына окшош фигураны түзөт. К-дан радионурлануусунун кубаттуу галактикалык булагы табылган. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнөт. Элдик аталышы Көөкөр.