Тармактык Энциклопедия:КАССИНИЛЕР
Jump to navigation
Jump to search
– фр. астрономдору ж-а геодезисттери, атасы м-н уулу, улуту итальян. 1) Жованни Доменико (Жан Доминик) (8. 6. 1625–14. 9. 1712). Юпитер м-н Марстын айлануусун, Сатурундун шакекчесиндеги караңгы аралыкты ж-а анын 4 жандоочусун ачкан (Кассини бөлүнүүсү). Айдын термелүүсүн (либрациясын) изилдеген. 2) Жак (18. 2. 1677–15. 4. 1756). 1734-ж. Париж меридианынын түш. ж-а түн. жаасын өлчөөнүн катышуучусу; биринчилерден болуп параллелдин градусун өлчөгөн.