Тармактык Энциклопедия:КАРА КӨҢДӨЙ
Jump to navigation
Jump to search
(black hole) – жалпы салыштырмалуулук теориясы тарабынан орун алары алдын ала айтылган космос объектиси. Алар өтө чоң космос телолорунун кысылуусунан, б.а. гравитациялык коллапста пайда болот. К. к-дү өзүнө тартуу күчү, сырттан түшкөн газдардын тормоздук таралышы б-ча байкоого болот. Азыркы көзкараш б-ча К. к-лөр өтө чоң жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясы катары каралат. Биздин Галактикада көп сандаган К. к-дүн болорун астрономдор болжолдошууда. К. к-дүн болуу мүмкүндүгүн 1798-ж. Лаплас Ньютондун тартылуу законунун негизинде алдын ала айткан болучу. Ал жарыкты өтө майда бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө элестеткен.