Тармактык Энциклопедия:КАРАҢГЫ ТУМАНДУУЛУКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– тыгыз газ чаңдуу булуттар. Аларга жакын К. т-ды жарык кылуучу жылдыздар болбойт. Саманчы жолуна жакын аймактарда жылдыздардын бөлүнүшүнүн өтө эле бир тектүү эместигин пайда кылган караңгы тунук эмес тумандуулуктар Саманчы жолунун фонунан же жарык тумандуулуктун фонунан көрүнүп турат. К. т-тардын мис.: «Ат башы», «Көмүр кап» тумандуулуктары. К. т. айрыкча биздин Галактиканын борбордук бөлүктөрүндө Жаачы топ жылдызынын тегерегинде көп жайгашкан.