Тармактык Энциклопедия:КАЛЕНДАРЬ
Jump to navigation
Jump to search
(calendar) – асман телолорунун көрүнгөн кыймылынын мезгилдүүлүгүнө негизделген убакыттын узак аралыгын эсептөө системасы. К-да күн м-н түндүн, жыл мезгилдеринин алмашышы пайдаланылат. Убакыт ченинин бирдиги күн м-н түндүн алмашуусу – сутка, Айдын Жерди айлануусу – ай, Жердин Күндү толук айлануусу жыл деп кабыл алынган. Астрономдордун эсептөөсү б-ча жыл 365 сут 5с 48 мин 46 секдан турат. К-да түрдүү астрон. маалыматтар м-н бирге жыл ичиндеги белгилүү даталар, майрамдар да белгиленет. Адам баласынын тарыхында ар түрдүү К-дын системасы пайдаланып келген. Азыркы убакытта көп өлкөлөрдө Григорий календары (күн к-ры) кабыл алынган. Ал азыркы Юлий календарынын (эски стиль) ордуна 1918-ж-дын 14-фев-ында СССРде киргизилген Григорий календары болуп саналат.
Жердеги жыл мезгилдери м-н сутка убактысынын алмашуусунан башка дагы бир туруктуу процесс – Айдын фазаларынын алмашуусу жылды 12 айга бөлүүгө түрткү болгон. Бир катар мусулман мамлекеттерде ушул кубулушка негизделген ай К-ы пайдаланылат. Анда К-дык айдын башталышы айдын жаңырышы м-н башталып, узактыгы 29 сут 12 с 44 мин 2,9 секга барабар.