Тармактык Энциклопедия:ИЧКИ ПЛАНЕТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(inferior planets) – жер тобундагы планеталардын Күнгө жакын турган 4 чоң планетасы: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс. Меркурий м-н Чолпондун орбиталары жер орбитасынан кичине, алар кечинде же эртең м-н ар дайым Күндүн жанынан гана көрүнүшөт. Булар бир катар физ. касиеттери б-ча бири бирине окшош келет. И. п-дын ичинен Чолпон м-н Жердин массалары бирдей. Меркурий м-н Марстын массалары 0,1 Жер массасына жакын. Меркурий м-н Чолпондун табигый жандоочулары жок. Марстын жандоочулары Фобос ж-а Деймос – мүмкүн мажбурланган кичине планеталардыр, Меркурийдин бети өтө ысык, ошондуктан анда атм-ра жок.