Тармактык Энциклопедия:ИРРАДИАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– кара (күңүрт) фондо ак (жарык) объектилердин өлчөмдөрүнүн чоңоюп, же тескерисинче, ак фондо кара объектилердин кичирейип көрүнүү кубулушу. 1-учурда иррадиация оң, ал эми 2-учурда терс деп аталат. И-нын себеби м-н ичке кара жип же зым жаркырак жалындын фонунда үзүлүп калгандай болуп көрүнөт, жаңырган Айдын диаметри ошондо эле көрүнүп турган Айдын бозомтук дискасынан чоң болуп сезилет ж. б. И-нын чоңдугу ак фондун же жарык объектинин жаркырактыгы чоңойгон сайын өсөт. И. көздүн оптикалык кемчиликтерине (аберрацияга), көздөгү дифракция кубулуштарына байланыштуу пайда болот. 


bse.sci-lib.com www. bse.sci-lib.com