Тармактык Энциклопедия:ИОНОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(ionosphere) – 75 кмден 1000 кмге чейинки Жер атм-расынын иондошкон калың катмары. И-нын бар экендиги ж-дөгү оюн алгачкылардан болуп англ. физик Б. Стюарт 1882-ж. көтөрүп чыккан. И-да Күндүн ультракызгылт-көк ж-а корпускулалык нурлары, о. эле космос нурлары газ молекулаларын кесикин ажыратып, оиндорду ж-а электрондорду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңирип алгандыктан, И-да бийиктеген сайын темп-ра жогорулап, 800 –1000°Сге жетет. Аба басымы и-да өтө төмөн, 300 км бийиктикте вакуумга жакын. Электрондордун ж-а иондордун көп топтолушунун негизинде И-нын электр өткөргүчтүгү Жерге чектеш катмардан 109 –1010эсе көп. И. жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ болгондуктан радиотолкундардын бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат, бул болсо аларга оң таасирин тийгизет ж-а алыскы байланышты түзүүнү камсыз кылат. И-ны радиотолкундардын таркалышы б-ча геофиз. ракеталардын, жасалма жандоочулардын жардамында аэрономия илими изилдейт.