Тармактык Энциклопедия:ИО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(1о) – Юпитердин жандоочусу. 1610-ж. Галилей ачкан. Чоң жарым огу 421600 км, диаметри 3630 км, тыгыздыгы 3570 кг/м3. И. м-н Европанын өлчөмү, Айдын өлчөмү бирдей, ал эми Ганимед м-н Каллисто массалары б-ча Меркурийден көп кичине болсо да өлчөмдөрү б-ча Иодон чоң. Башка жандоочуларга караганда (Юпитердин 13 жандоочусу бар) бул төртөө толук изилденген. Эң жакшы атм-ра шартында бул жандоочулардын дискаларын, а түгүл бетин да байкоого болот. Булардын жаркыроосу м-н түсүнүн өзгөрүшүн так байкоонун негизинде алардын октук айланышы орбиталык айланышы м-н бирдей экендиги, Юпитерге дайыма бир жагы м-н бурулуп тургандыгы аныкталган. Америкалык «Вояджер» космос аппараты тарткан Ионун бетинин сүрөттөрүндө бийиктиги 9 кмге чейинки аска сыяктанган тектердин бетин каптап жаткан ачык түстөгү күкүрттүү катмар, атылып турган жанар тоолор жакшы көрүнүп турат. 9 активдүү жанар тоо «плюмаждарынын» бийиктиги 300кмге жетет. Ионун бетинде үзгүлтүксүз түрдө жаңы катмарлар пайда болуп турат ж-а кызгылтым темгилдер да бар, алар түпкүрдөн бууланып чыккан туздар деп божомолдонот. Бул жандоочунун адаттан тыш өзгөчөлүгү – аны курчап турган калың газ булуту. «Пионер-10» космос аппаратынан алынган маалыматтар б-ча И-нун сейрек атм-расы ж-а ионосферасы да ачылган.