Тармактык Энциклопедия:ИЗОБАРДЫК БЕТ
Jump to navigation
Jump to search
– атм-радагы абанын бирдей басымдарынын бети. И. б-тердин өз ара жайгашышы аба басымынын мейкиндикте бөлүштүрүлүшү ж-дө түшүнүк берет. Циклондо, б.а. басым төмөндөгөн областта И. б. иймек бет, ал эми антициклондо, б.а. басым жогорулаган областта томпок бет болот. И. б-тин жантаюусу шамалдын ылдамдыгын аныктайт: И. б-тин жантаюусу көп болсо, шамал ылдамдыгы да чоң. И. б-тин горизонталь бет м-н кесилишүү сызыктары изобара деп аталат.