Тармактык Энциклопедия:ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– өлчөмдөрү Күндүкүнөн көп эсе чоң жылдыздар. Кызыл З. ж. булардан да чоң. Бардык жылдыздардын заттары жылдызды кысууга аракеттенген гравитация күчүнө дуушар болот. Бирок алар тез кысылышпайт, себеби гравитацияга жылдыз затынын басым күчү каршылык көрсөтөт. Жылдыз жаш кезинде ядролук реакция башталбайт ж-а энергиянын булагы катары өзүнүн гравитациясынын таасиринен кысылып тыгыздалышы кызмат кылат, себеби потенциалдык энергия азайып, жылуулук энергиясына өтөт. Кызыл жылдыздардын борбордук бөлүгүндө темп-ра өтө чоң болгондуктан гелийдин ядролорунун арасында реакция башталат. Андан көмүртек пайда болот да көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Кадимки жылдыздардын борборунда ядролук реакцияда суутек гелийге өтөт. Бардык суутек гелийге айлангандан кийин жылдыз тез өзгөрө баштайт. Четиндеги темп-ра төмөндөп, чыгарган энергия көп эсе чоңоюп, жылдыздын өлчөмү өсөт да, кызыл З. ж-га айланат. Борбордук бөлүгүндөгү темп-ра 100 млн. градуска чейин көтөрүлүп, гелийден турган ядродо көмүртекке айлануу реакциясы башталат. Өнүгүүнүн андан аркы этаптарында З. ж-дын тышкы катмарлары түртүлүп учуп кетиши мүмкүн. Жылдыз дагы кысылып жай муздоочу ак кидикке айланат. Ушундай «тагдырга» биздин Күн да туш болот, 6 – 7 млрд. жылдан кийин (З. ж. стадиясын өтүп) ак кидик болуп калат. 
Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң болгон жылдыздар ак кидик стадиясында кысылууну андан ары токтото албайт, заттын тыгыздыгы чоңоюп зат нейтрондошо баштайт. Бардык зат нейтронго айланып, нейтрондук жылдызга өтөт. 


popularastronomy.ru www. popularastronomy.ru