Тармактык Энциклопедия:ЗОДИАК ЖАРЫГЫ
Jump to navigation
Jump to search
– эклиптиканы бойлото созулган ж-а жылдыздуу асмандын батышында (кеч киргендеги) же чыгышында (таң алдындагы) байкалуучу начар жаркыроо. Жаркыроо Күндүн айланасындагы чаң бөлүкчөлөрүндө Күн нурунун чачырашы м-н түшүндүрүлөт. З. ж. горизонтту карай кеңейип, конус түрүн алат. Горизонттон алыстаган сайын ал конус түрүндөгү жарык начарлап, бара-бара зодиак алкагына өтөт. Начар жаркыраган алкактын кеңдиги 10°ка жакын болуп, түнкү асмандын көрүнүшүнөн араң ажыратылат. З. ж-н изилдөөдө планеталар аралык мейкиндикте чаңдуу заттардын бөлүнүшү ж-а алардын чогул-малары ж-дөгү маалыматтар алынат. З. ж. фотометр, спектрдик өлчөөлөрүнүн жардамы м-н изилденет. З. ж-н үйрөнүү үчүн Жердин жасалма жандоочусу м-н байкоонун мааниси зор, анткени бул учурда Жер атм-расы изилдөөнүн натыйжасына таасирин тийгизбейт.