Тармактык Энциклопедия:ЗОДИАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
«айбандар тегереги» деген сөздү түшүндүрөт. Ортосунда эклиптика турган, жазылыгы 8° асман сферасынын алкагы. Күн топ жылдыздарды аралап, бир жыл ичинде асман сферасындагы чоң тегерек эклиптика б-ча өтөт. Күн басып өткөн 12 топ жылдыз З. топ жылдыздары деп аталат ж-а З. алкагы деп аталуучу алкакта жатат. Чындыгында эле топ жылдыздардын көбү айбандардын аты м-н аталган. Март айында Күн Балык топ жылдызында болот . Бул топ жылдызда жазгы күн-түн теңелүү чекити жайгашкан, ал аркылуу Күн түш. жарым шардан түн-кө өтөт. Апрелде Күн Кой топ жылдызына келет. Эки миң жылча мурун жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда болгон, прецессиянын себеби м-н ал Балыкка которулган. Май айында Күн Букачар топ жылдызына токтолот. Бул топ жылдыздын жүзгө жакынын куралсыз көз м-н көрүүгө болот, алардын эң жарыгы – Альдебаран – кызыл алп жылдыз. Үркөр чачыранды жылдыз чогулмасы да даана көрүнөт. 1054-ж. Букачар топ жылдызында өтө жаңы жылдыз жарк эткен, азыр анын ордунда Краб сымал тумандуулук бар. Июнда Күн Эгиздер топ жылдызына келет. Анын эң эле жарык жылдыздары – Поллукс м-н Кастор. Бул топ жылдызга жайкы күн токтолуу чекити туура келет. Июлда Күн Суу чаян топ жылдызында болот. Мында жарык жылдыздар жок. Болжол м-н 20-августта Күн Арстан топ жылдызына өтөт. Мында бир нече ондогон жарык жылдыздар бар, алардын эң жаркырактары – Регул ж-а Денебола. Сент. Күн – Бийкеч топ жылдызына келет, анын эң жарык жылдызы – Спика. Бийкеч топ жылдызында күзгү күн-түн теңелүү чекити жайгашкан ж-а алгачкы квазарлардын бири ачылган. Окт. Күн Тараза топ жылдызына келет, мында үч гана жылдызды куралсыз көрүүгө болот. Нояб. Күн Чаян топ жылдызынан өтөт. Бул топ жылдыздын эң жарык жылдызы – кызгылт Антарес. Дагы бир кызык жылдыз – Чаян, анын жарыктануусу Күндүкүнөн 400 000 эсе чоң. Дек. Күн Жаачы топ жылдызында болот. Ушул топ жылдыздын багытында Биздин Галактиканын борбору жайгашкан. Кышкы күн токтолуу чекити да ушунда. Янв. Күн Текечер топ жылдызында болот, мында жарык жылдыздар жок. Фев. Күн Суу Куйгуч топ жылдызына келет.