Тармактык Энциклопедия:ЗЕЛИГЕР ПАРАДОКСУ
Jump to navigation
Jump to search
, Нейман – 3елигер гравитация парадоксу физика закондорун бүткүл Ааламга же анын чоң областтарына колдонгондо пайда болуучу кыйынчылыктардын (карама-каршылыктардын) бири. Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону массалардын чексиз системасы түзүүчү гравитациялык талааны (эгерде ал массалардын мейкиндикте бөлүштүрүлүшү ж-дө атайын божомолдоолор болбосо) түшүндүрө албайт. Космологиялык масштабда бул маселени А.Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы чечет, анда бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону эң күчтүү гравитациялык талаалар үчүн такталат.