Тармактык Энциклопедия:ЗЕЕМАН ЭФФЕКТИСИ
Jump to navigation
Jump to search
– магнит талаасында спектр сызыгынын бир нече сызыкка тарамданышы. Бул кубулушту 1896-ж. П.Зееман ачкан. Магнит талаасында жайгашкан атомдун энергиялык деңгээли магниттик квант саны ж-а негизги квант саны n чоңдуктарына көзкаранды. Атом магнит талаасына жайгашкан кезде негизги квант, санына туура келген энергиялык дөңгээл талаа жок кездеги энергиядан көп же аз болгон бир нече дөңгээлге ажырайт. Бул кубулуш кээ бир спектрлерди бир нече түзүүчү сызыкка ажыратууга мүмкүндүк берет. Эгерде спектрдик сызык үч сызыктуу компонентке ажыраса нормалдуу, ал эми төрт, алты ж-а андан да көп сызыктар пайда болсо, аномалдуу Зееман эффектиси деп аталат. Спектрлердин чыныгы структурасын ж-а Зееман эффектисин түшүндүрүү үчүн 1925-ж. С. Гаудсмит м-н Ж. Уленбек электрон орбиталык кыймыл сан моментинен башка өздүк кыймыл сан моментине ээ деген ойду айткан. Бул ойдун туура экендигин Дирак (1928) далилдеген.