Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– асман телолорунун жаркыроо чени. Жылдыздарды жаркырактыгы б-ча класска бөлүү көздүн касиеттерине байланышкан. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарларын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайыктаган. Бир чоңдуктан экинчи чоңдукка өткөндө көзгө жаркыроонун өзгөрүшү бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдөрдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6-чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш Ж. ч-нун 5 интервалына туура келгендиктен жанаша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырактыгынын катышы 5=2,512ге барабар. Эгер Е1 ж-а Е2 эки жылдыздын жарыктанышы, m1 ж-а m2– жылдыз чоңдуктары болсо, анда алардын катышы Е2 / Е1 = 2,512 m1-m 2 же lg (Е2 /Е1= –0,4 (m1– m2) болот. Мындан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын Ж. ч. нөл же терс сан, абдан начар жылдыздардын чоңдугу оң сан м-н туюнтулат. Мис., эң жарык жылдыз Сириустун Ж. ч. m= –1,46 ; Күндүкү m= –26,78 ; толгон Айдыкы m= –12,712 ; эң начар жылдыздыкы m = 23 ж. б.