Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ УБАКЫТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыз суткасынын үлүштөрү – саат, минута, секунда м-н туюнтулган убакыт S. Жылдыз суткасынын башталышында, б.а. жазгы күн-түн теңелүү чекитинин жогорку кульминациясында Ж. у. S = 0 с, ал эми ал чекиттин төмөнкү кульминациясында S = 12 с. Жылдыз суткасынын башка каалаган моментинде жылдыз убакыты S = tg, мында tg – жазгы күн-түн теңелүү чекитинин сааттык бурчу. Жазгы күн-түн теңелүү чекити асманда белгиленген эмес ж-а байкоодон анын сааттык бурчун табууга мүмкүн эмес. Ошондуктан астрономдор тик чыгуусу a белгилүү болгон жылдыздын сааттык бурчу t*ны аныктап, анын жардамы м-н жылдыз убакытын табат: S = a + t*. Жылдыздын жогорку кульминация моментинде (t* = 0) Ж. у. S = d; төмөнкү кульминация моментинде t* = 12 с ж-а S = a + 12с (эгер a < 12с) же S = a – 12 с (эгер a>12 с).



sunhome.ru www. sunhome.ru