Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ СУТКАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– жазгы күн-түн теңелүү чекитинин меридиан аркылуу эки удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт (23 с 56 мин 4, 091 сек). Ж. с-нын башталышы үчүн жазгы күн-түн теңелүү чекитинин жогорку кульминация моменти кабыл алынган. Убакытты Ж. с. ж-а анын үлүштөрү м-н чөнөө көп астрон. маселелерди чыгарууда колдонулат.