Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ СТАТИСТИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыз астрон-нын бөлүмү. Ал физ. мүнөздөмөлөрү окшош жылдыздардын мейкиндикте бөлүнүшүн, ар түрдүү жылдыздардын ортосундагы статистикалык көз карандылыкты матем. статистика ыкмасы м-н изилдейт. Ж. с-н В. Гершель киргизген. Ж. с-нын башкы милдети – жылдыз тыгыздыгын, б. а. бирдик көлөмдөгү жылдыздардын санын матем. статистика ыкмасын пайдаланып аныктоо. Асман объектилеринин бөлүнүшүн изилдөөнүн ыңгайлуу ыкмасы 1937-ж. М. А. Вашакидзе ж-а аны м-н байланышпай туруп 1938-ж. Я. Оорт сунуш кылышкан. 1947-ж. Б. В. Кукаркин Вашакидзе – Оорт ыкмасын өзгөрмө жылдыздардын мейкиндикте орун алышын изилдөө үчүн колдонгон. 

<img src='СТАТИСТИКА.gif'/>


www.liveinternet.ru