Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ КИНЕМАТИКАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– жылдыз астрон-нын кыймылдын законченемин Галактиканын ар түрдүү объектилеринде статистикалык ыкма м-н изилдөөчү бөлүмү. Жылдыздардын айрым кыймылын, б.а. Жердин өз огунда, о.эле Күндүн айланасында айлануусу м-н байланышкан нутация, прецессия ж. б. кыймылын изилдейт. 20-к-дын башына чейин жылдыздардын калдыктуу ылдамдыгынын бөлүнүшү Галактикадагы иретсиз жылдыздардан экендиги айтылган, кыймыл багытынын бирдей эместиги статистикалык изилдөөлөрдөн байкалган. Галактиканын айланышын изилдөө Күндөн тартып алынган аралыкта катуу нерселердин айлануу закону м-н Кеплердин законунун ортосундагы закон б-ча болорун көрсөтөт.