Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК ЧАҢ
Jump to navigation
Jump to search
– Жылдыз аралык газдын ичинде аз сандагы чаң бар, ал газдын 1%ин түзөт. Чаңды жылдыз жарыгынын жутулушунан ж-а чагылышынан байкоого болот. Чаң жарыкты жутуп алгандыктан Саманчы жолунун багытында 3 – 4 миң жарык жылынан ары жайгашкан жылдыздар көрүнбөйт. Айрым чаң бөлүктөрү өтө кичинекей (ммдин он миңден бир үлүшүнө барабар). Алар көмүртектен, кремнийден ж-а ар кандай тоңгон газдардан турушу мүмкүн. Чоң бөлүкчөлөрүнүн ядролору муздак алп жылдыздардын атм-расында пайда болуп, жылдыз жарыгынын басымы астында жылдыз аралык мейкиндикке “үйлөнүп” чыгат да аларга суутектин, суунун, метандын, аммиактын ж. б. газдардын молекулалары жабышып «тоңот».