Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК МАГНИТ ТАЛААСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыз аралык чөйрөнү түзүүчүлөрдүн бири, ал Жердин магнит талаасынан 100 000 эсе кичине, бирок көлөмү чоң болгондуктан толук энергиясы абдан көп. Ж. а. м. т. жылдызга ж-а планеталарга эч кандай таасирин тийгизе албайт, бирок космос нурлары м-н өз ара активдүү аракеттенип, ыкчам электрондорду радиотолкун чыгартууга мажбур кылат ж-а жылдыз аралык чаң бөлүкчөлөрүнүн ориентациясын тартипке келтирет. Ушунун негизинде алыскы жылдыздардын жарыгы поляризацияланат, Ж. а. м. т. жылдыз аралык газга да чоң таасирин тийгизет. Мис., газ тумандарынын айлануусун азайтып, газдын өтө кысылуусуна жолтоо болот ж. б. 


www.academic.ru