Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК ГАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– газдын толук массасы биздин Галактиканын бардык жылдыздарынын массасынын бир нече процентин түзөт, орточо жыштыгы 10–21 кг/м3. Ушундай чөйрөнүн 1–2 см3 көлөмүндө газдын бир гана атому болот. Хим. курамы б-ча Ж. а. г. жылдыздарга жакын: баарынан көбү суутек, андан кийин гелий, башка хим. элементтер өтө аз. Ж. а. г. тунук, ошондуктан эч бир телескоп м-н көрүүгө болбойт. Башка галактикадагылар сыяктуу эле Биздин Галактикада да Ж. а. г. Саманчы жолунун тегиздигинде топтолгон, ал катмардын калыңдыгы бир нече жүз жарык жылын түзөт. Газдын тыгыздыгы Галактиканын ядросуна ж-а анын спираль бутактарына жакындаганда өтө чоңоёт. 


www.academic.ru