Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК БУЛУТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыз аралык газ м-н чаңдын биригүүлөрү. Спиралдык галактикалардын спираль түрүндөгү бутактарында газдын 80 –90%и жылдыз аралык булутка жыйналган. Ж. а. б-тар биригип, газ-чаң комплекстерин түзөт ж-а спиралдык бутактардын ички (иймек) жактарында жайланышат. Ж. а. б-тардын параметрлери өтө ар түрдүү. Биздин Галактикада алардын диаметри 5–40 пк, алардагы атомдордун концентрациясы – 1 см3 да 2 мден 10го чейин, темп-расы – 20–100 К. Булуттар Галактиканын дискасынын 10% көлөмүн ээлейт ж-а жылдыздар м-н бирге галактиканын дискасында анын борборунун тегерегинде айланага жакын орбиталар б-ча 100–200 км/сек ылдамдык м-н кыймылдайт. Айрым булуттардын өздүк (пекулярдык) кыймылынын ылдамдыгы 10 км/сек, кээде 50–100 км/секга жетет. Галактиканын таажысында галактиканын тегиздигине 200 км/секга чейинки ылдамдык м-н түшүп жаткан газдар байкалган, ал газдын кайдан келип чыкканы али белгисиз. Ж. а. б-тар арасындагы атомдордун концентрациясы бир см3де 0,02–0,2 атом, темп-расы – 7–10 миң К. 


www.academic.ru