Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР ЧОГУЛМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– тартылуу күчтөрү ж-а жаралуу жалпылыгы м-н байланышкан жылдыздар тобу; алардын саны бир нече ондогондон жүз миңдеген жылдыздарга чейин жетет. Ж. ч. чачыранды ж-а шар түрүндө болот. Чачыранды жылдыз чогулмасы ондогон, жүздөгөн жылдыздарды бириктирип, өлчөмдөрү бир нече парсекти түзөт. Алар Галактиканын экватор тегиздигинде топтолгон. Хим. курамы б-ча Күнгө ж-а галактиканын дискасындагы башка жылдыздарга окшош. Чачыранды жылдыз чогулмасына Букачардын Үркөр ж-а Гиаддары кирет. Биздин Галактикада миңден ашык Ж. ч. бар, бирок алар 20 эсе көп болушу мүмкүн. 
Шар сымал Ж.ч. жүз миңдеген жылдыздардан турат. Жылдыздар борбордо топтолуп, сфералык же эллипстик формада болот. Өлчөмдөрү 100 –200 пкче. Шар сымал Ж. ч. Галактиканын борборуна жакын жайланышкан. Жерге салыштырмалуу ылдамдыгы 100 км/сек гелийдин оор элементтери аз болгондугу м-н чачыранды Ж. ч-нан айырмаланат. Галактикада азыр 130дай шар сымал Ж. ч. белгилүү, бардыгы 500дөй болушу мүмкүн.