Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛАНЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Ophiuchus) – байыркы гректер белгилешкен 48 экватордук топ жылдыздын бири. Жылан топ жылдызынын ортосунан орун алган. Негизги жарык жылдыздары узун жыланды эки колу м-н көтөрүп турган адамдын сынын элестетет. Ж. топ жылдызында Барнарддын «учма» жылдыздары жайгашкан. Анын эки жандоочусу Юпитер ж-а Сатурн планеталарын элестетет. 
Ж. топ жылдызына тушма-туш шар сымал жылдыз чогулмалары (М10, М12, М19 ж-а М62), түн. тарабында NGC6572 планеталар тумандуулугу жайгашкан. 37-жыланчы жылдызына жакын жердеги радианты a=258° ж-а d=+11°ка барабар. Жыл сайын байкалуучу (8-11-июнда) метеор агымы бар, к. Жылдыздардын өздүк кыймылы. КМШнын орто кеңдигинен жазында ж-а жайында көрүнөт.