Тармактык Энциклопедия:ЖИРАФ
Jump to navigation
Jump to search
(camelopardalis) – Түн. жарым шардагы уюлга чукул топ жылдыз. Ал 1613-ж. голл. астроном П. Планциус тарабынан белгиленген. 4-чоңдуктагы жаркырак жылдыз. Негизги жылдыздары Ж-тын сынын элестетип батпай турат. Ж. топ жылдызына тушма-туш, жөнөкөй призмалык дүрбү м-н байкалган 6,0m жылдыз чоңдугундагы NGC1502 чачыранды жылдыз чогулмалары орун алган. Экватордук координаталары a=7с10ў54ўў; d=+69051,2ў. 1964-ж. чейин өзгөрүү мезгили 22 жер суткасына барабар болгон RU өзгөрмө жылдыздар Ж. топ жылдызынын мүчөсү. 1964-ж-дын аягынан өзгөрмөлүүлүгү токтолгон. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу турактуу, ал a=7с10ў54"; d=+69051,2'га барабар. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнүп турат.