Тармактык Энциклопедия:ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– кичине огу ж-а экватору Жердин айлануу огу ж-а экватору м-н дал келген, көлөмү Жердин көлөмүнө барабар болгон айлануу эллипсоиди. Ж. э. жердин формасына жакын келип, жер бетинин картасын түзүүдө, геод. максаттарда пайдаланылат. Ж. э. геод. өлчөөлөрдүн жардамы м-н түзүлөт, алар көп өлкөлөрдө эсептелип чыккан. Баштапкы маалыматтар ар түрдүү болгондуктан алынган Ж. э-дери да бири биринен айырмаланат. Карта түзүүгө арналган эллипсоиддер, референц-эллипсоиддер деп аталат. КМШ ж. б. өлкөлөрдө геод. иштерди жүргүзүү үчүн Ф. Н. Красовскийдин жетекчилиги астында түзүлгөн референц-эллипсоид (Красовский эллипсоиди) кабыл алынган. Ал эллипсоиддин экватор радиусу 6376 км, уюлдук жарым огу андан 21, 38 кмге кыска. Азыр Ж. э-н аныктоодо Жердин жасалма жандоочулары пайдаланылууда.