Тармактык Энциклопедия:ЖЕР ТИТИРӨӨ
, зилзала – табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши. Ж. т-нүн көбү тектоникалык процесстердин натыйжасында, айрымдары жанар тоолордун атылышынан, чандасы жер көчкүдөн келип чыгат. Жылына Жер шарында Ж. т-лөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү анчалык катуу болбогондуктан, адамга анча сезилбейт. Орто эсеп м-н жылына бирден кыйратуучу Ж. т. болуп турат да, шаар-кыштактар талкаланып, адамдар зыянга учурайт. Ж. т. башталган жер астындагы зона Ж. т-нүн очогу деп аталат. Мында жер катмарларынын чегинде узак убакыт бою жыйналган потенциалдык энергиянын бошонуу процесси жүрөт. Очоктун жер астындагы борбору гипоборбор, анын тик багыт б-ча жер бетиндеги тушу эпиборбор деп аталат. Гипоборбор м-н эпиборбордон бардык тарапка Жерди титиреткен толкундар таралат. Ж. т-нүн очогу жер астындагы ар кандай тереңдикте пайда болот, көпчүлүгү 20–30 км, кээде гана жүздөгөн кмге жетет. Ж. т-нүн күчү 12 баллга чейинки Ж. т-нү билгизме шкала б-ча аныкталат. Ал жер бетиндеги термелүүнүн даражасын көрсөтөт. Ж. т-лөрдү каттап туруучу дайыма ж-а убактылуу иштөөчу сейсм. станциялар пайдаланылат. Жер шарында 600, ал эми КМШда 100дөн ашык (анын 11и Кыргызстанда) сейсм. станция бар. Станциялардын көп жылдык байкоолорунун негизинде ири аймактарда Ж. т-чү райондор аныкталат.
Ж. т. жер шарынын айрым бөлүктөрүндө болуп, белгилүү бир геол. түзүлүштөргө байланышкан. Ж. т. тоолуу, негизинен жаңы тоо тармактарынан түзүлгөн аймактарда болот, платформаларда дээрлик болбойт. КМШ өлкөлөрүндө Ж. т. болуучу райондор: Закавказье, О. Азия, Казакстан, Байкал айланасы, Курил, Сахалин аралдары, Камчатка, Тянь-Шань м-н Памир тоолору активдүү областтарга кирет. Ж. т-лөрдү сейсм. илими изилдейт. Ж. т. эл чарбасына ж-а адамзатка чоң зыян келтиргендиктен, ага каршы чара көрүүнүн ж-а анын болушун күн мурунтан билүүнүн мааниси зор.